Кыргыз-тажик жаңжалында жабыркагандар салык төлөөдөн бошотулду

Министрлер кабинети кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуяларда жабыркаган салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө чечим кабы алышты.

Маалыматка ылайык, Баткен окуясы "ал жеткис күчтүн жагдайлары" аныктамасына дал келүүчү өзгөчө жагдайлар деп таанылды.

Чечимге ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрга чейинки мөөнөттө Баткен окуясында жабыркаган ишкерлердин тизимине киргизилген салык төлөөчүлөр (кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгаруучу ишканалардан, мунай продуктуларын сатуучу субъектилерден тышкары) төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулду:

- киреше салыгы;

- пайда салыгы;

- кошумча нарк салыгы (импортко карата кошумча нарк салыгынан тышкары);

- сатуу салыгы;

- милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

- бирдиктүү салык.

Бул ишкерлер салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын суммасынын мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арызды салык органына бере алат.

2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки мезгилде салык калдыгынын суммасына камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөө үчүн туум көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулбайт.

Жергиликтүү кеңештерге кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөрдү жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД