Тимур Файзиевге издөө жарыяланды

Кечээ, 27-майда Аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан Elite house курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 27-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. Соттун чечими менен шектүүнүн ЖАМКтын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Маалыматта шектүүнүн сырттан баш коргоо чарасы тандалып жатканда анын мөөнөтү аныкталбай турганы айтылат.

Тимур Файзиев Бишкектин аймагында жер тилкелерин алууда коррупцияга катыштыгы бар деп шектелүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД