"Ынтымак" менен "Чоң казат" парламенттик шайлоого чогуу бармай болду

"Ынтымак" жана "Чоң казат" партиялары парламенттик шайлоого чогуу барат. Бул тууралуу маалымат "Ынтымак" партиясынын соцтармактагы баракчасына жарыяланды.

"Чоң Казаттын" лидери Жаркынбек Касымбеков анын партиясы анык бир саясий максаттарына жеткенин, алдыдагы реформалар эми "Ынтымак" партиясы менен бирге ишке ашырыларын билдирди. "Ынтымак" деп партиянын аталышы эле баарын айтып турат. Азыр саясий өңүттө гана эмес, баарыбызга ынтымак керек", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД