
Бишкекте белгисиз адамдар бир түндө 10дон ашуун унаанын айнегин талкалап, баалуу буюмдарын уурдап кетишкен. Бул тууралуу социалдык тармактарга 12-кичи райондун жашоочулары айнектери талкаланган автоунааларын тартып жарыялашты.
Ал эми Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы редакцияга билдиргендей, 7-октябрда коңшу "Асанбай" кичи районунун тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, 7-октябрга караган түнү белгисиз адамдар унаасынын алдыңы айнектерин талкалап, акча салынган капчыгын уурдап кетишкен.
Учурда милиция "уурулук" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады. Күнөөлүүлөр табыла элек. Тергөө уланууда.