Бишкекте ажатканада каза болгон наристе боюнча тергөө иштери жүрүп жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, каргашалуу окуя No7 көчөдөгү Мурас-Ордо конушунда болгон. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылган. Бирок баланын сөөгүн туугандары алар келгенге чейин эле алып чыгышкан.

Биринчи май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, окуя болгон жерди кароодо окуя болжол менен саат 14:30 чамасында Мурас-Ордо турак үйүнүн 7 көчөсүндө болгон, бала А.Р. 2020, белгисиз жагдайда ажатканага түшүп, каза болгон.

Бул окуя Биринчи Май РИИБнин "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат системасында катталып, өлүк табылганда соттук -медициналык экспертиза дайындалган, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча ата -эненин аракетине укуктук баа берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД