Чолпон-Атанын тургуну адилеттик издеп президентке кайрылды

Чолпон-Ата шаарынын тургуну Андрей Сторожев Кыргызстан президенти Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, өзүнүн үй-бүлөсүн, анын ичинде жаш балдарын коргоп берүүнү суранууда. Анын айтымында, бул окуяда алдамчылык, укук коргоо органдарынын кайдыгерлиги жана түшүнүксүз сот чечимдери аралашып кеткен.

2017-жылы жубайынын апасынын көз алдында анын кичүү уулу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ошол окуядан кийин карыган аял эсин жоготуп, адашып, адамдарды тааный албай калган. Коңшулар да үй-бүлөгө телефон чалып, абалы начарлап жатканын айтып турушкан. Кийин дарыгерлер ага Альцгеймер оорусуна байланышкан деменция деген диагноз коюшкан.

Мына ошол учурда алсыз абалда калган кары аялдын тегерегине "камкор" коңшулар пайда болот. Адегенде алар анын бакчасынан алма терип, документ иштерине жардам беребиз деп киришкен. Андан кийин күтүүсүз бүтүмдөр башталган. 2021-жылы ошол эле коңшулар кемпир менен өмүр бою багып туруу тууралуу келишим түзүп, бир жума өтпөй Чолпон-Атадагы батирин өздөрүнө өткөрүп алышкан. Мыйзам боюнча төлөнүшү керек болгон айлык каражатты болсо эч ким төлөгөн эмес деп айтат Андрей Сторожев.

Аны менен токтобой, коңшулар башка үйдөгү эмеректерди да өзүнүн мүлкүдөй чыгарып кетишкен. Ал тургай батирдеги ижарачылар да кууп чыгарууга аракет кылып, өздөрүн мыйзамдуу кожоюн кылып көрсөткөн. Мындай иш кылмышка айланып баратканда гана батирди кайра кайтарып беришкен. Бирок дароо эле кемпирден 150 миң сом өндүрүү боюнча доо коюп, соттон утуп алышкан.

Андан кийин дагы бир сокку урулган. Тактап айтканда, Сторожевдерди жаш балдары менен кошо "Оптимист" дача участогундагы үйдөн чыгаруу талабы коюлган. Ал үй кары аялдын оор абалынан пайдаланган коңшуларга жазылып кеткен экен. Милицияга жана прокуратурага жазылган арыздар болсо дайым бир эле жооп менен аяктап турган: "кылмыштын курамы жок".

Экспертизалар болсо так каршыны көрсөтөт. Кайра-кайра жүргүзүлгөн психиатриялык текшерүүлөр кемпирде деменция 2015–2017-жылдары эле башталганын аныктаган. Ал эми бардык бүтүмдөр 2021-жылы жасалган. Демек, аял өзүнүн аракеттеринин маанисин түшүнгөн эмес.

Алгач райондук сот үй-бүлөнүн пайдасына чечим чыгарган. Бирок облус соту аны жокко чыгарган. Жогорку сот болсо ишти кайра кароого жөнөткөн. Мына ушинтип үй-бүлө беш жылдан бери ошол эле айланма жолдон чыга албай келет.

Сторожев мындай деп кейийт: "Сот бизге бүтүмдөр болгон учурда психиатриялык жыйынтык жок болчу деп жазат. Анда биз келечекте чон-энебиздин ушинтип алданарын алдын ала билишибиз керек беле?".

Жакында Жогорку сот процесс тараптардын катышуусуз эле ушул айдын 26сына чейин болорун билдирген. Үй-бүлө дагы бир жолу утулуп калабызбы деп коркуп турат.

"Бизде бул кара схема менен иштеген кара риэлторлордун иши болушу мүмкүн деген негиз бар. Жана бул адамдарга таасири бар кимдир бирөөлөр жардам берип жатат деп ойлойбуз", – дейт Сторожев.

Ал эч кандай өзгөчө нерсени сураган жок. Болгону адилеттүүлүк жана коргоо. Жаш балдары бар үй-бүлө үчүн коргоо. Оорусунан пайдаланылып, мүлкүнөн ажыратылган кары адам үчүн коргоо.

Андрей Сторожев Кыргызстан президенти Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге бул ишти жеке көзөмөлгө алууну суранууда. Анткени деменция, экспертизалар жана документтердеги ачык мыйзам бузуулар адамды коргой албаса, анда бул кооптуу жагдай ар бирибизге тиешелүү болуп калышы мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД