Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Жарым финалдык беттеште 60 кг салмакта кыргызстандык спортчу Азербайжандык балбан Мурад Мамедовду 4: 2 эсебинде жеңди.
Бүгүн, 9 -октябрда Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунда алтын үчүн күрөшөт. Анын атаандашы молдовалык Виктор Цебану менен армян Геворг Чартбяндын беттешинде аныкталат.
Эске салсак, күрөш боюнча Кыргызстандын кыз -келиндер командасынын спортчулары дүйнө чемпионатында үч медаль утуп алышты: Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло медалдын ээси болушту.