Ош облустук ИИБнын жетекчилиги Корея Республикасынын Элчиси менен жолугушту

2021-жылдын 7-октябрь күнү Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов Корея Республикасынын ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ мырза менен жолугушту.

Кызматтык жолугушууга Корея Элчилигинин консулу Пак Ки Сок, Элчиликтин Ош шаарындагы ассистентти Канг Чунг жана Ош ОИИБдин начальнигинин орун басарлары милициянын полковниги Талантбек Шатманов, Улан Асанбаев катышышты.

Жолугушууда Элчи Ли Вонджэ мырза Ош шаарына биринчи жолу келгенин белгилеп, Ош облусундагы жашап жаткан Корея Республикасынын жаранынын коопсуздугун жана коомдук коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташуу мындан ары уланаарын белгиледи. Ал эми Жеңишбек Абитов Ош облусунун көптөгөн жашоочулары бүгүнкү күндө Корея Республикасында эмгектенгенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана Корея мамлекетинин тийиштүү кызматтары менен биргеликте жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тажырыйба алмашууну, ошондой эле кызматташуу улана берерине токтолду.Бул туралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД