"Алардын окорочкадай сандарын дүйнө эли көрүп жатат"

Диний ишмер Озбек ажы Чотонов социалдык тармактарда кыргызстандык балбан кыздарды айыптады. Ал баракчасында балбан кыздардын алган медалдарынын өлкөгө эч кандай пайда жок экенин жазган.

"Жарым-жылаңач чыгып жатышат. Алардын окорочкадай сандарын дүйнө эли көрүп жатат. Медаль беребиз десе эле бүт жакты көрсөтө бериш керекпи? Мисалы, мен медаль алсам мындан электр энергиясы арзандап, газ арзандайбы? Айлыгың көбөйүп же жолдор асфальтталып калабы? Мисалы, мен Кыргызстан үчүн көп балалуу болуп, бала тарбиялап жатам. Бул менин Кыргызстан үчүн кылган эмгегим", -деп жазган Чотонов. Бул билдирүү социалдык тармактарда көптөгөн талкууларды жаратты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД