Балбан кыздар Мекенине кайтып келишти

Кыргызстандын кыз -келиндер күрөшү боюнча курама командасы Норвегиянын борборунда өткөн дүйнө чемпионатынан бүгүн эрте менен кайтып келишти.

"Манас" аэропортунда Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызын туугандары, күйөрмандары жана Мамлекеттик спорт агенттигинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Эске салсак, Тыныбекова менен Жуманазарова дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынса, Медет кызы коло медалга ээ болгон. Кыздардын аркасы менен Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатынын медалдык эсебинде бешинчи орунду ээледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД