Жалал-Абад облусунун Сузак районунда айыл өкмөттүн имараты күйүп кетти

Сузак районунда 2021-жылдын 10-октябрь күнү саат 08:15 чамасында Сузак айылынын Юнусов көчөсү №2 дарегинде жайгашкан айыл өкмөтүнүн имараттынын жанында жайгашкан көмүрканадан өрт чыгып, айыл өкмөтүнүн имараттына өтүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1200 ч.м.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Сузак райондук №65 ӨКБдан 2 бөлүм, Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 1 бөлүм 3 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, ИИМден 15 кызматкер тартылды.Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 09:03тө чектөөгө алынып, саат 12:06да толугу менен өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД