РОТАЦИЯ: Жумадылов Калыбек Ысык-Көл районунун акими

"Вечерний Бишкек" ротациялоо боюнча Ысык-Көл облусуна барып, кадырлар резервинен дайындалган аким, Ысык - Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Калыбек Жумадыловдун иш ордуна барып, ал президенттин кадыр саясатын колдооруна ынандык. Жаңы акимдин ишине ийгиликтерди каалап, президенттин ишенимин актап берет деген ишеничтебиз.

Жумадылов Калыбек, Ысык-Көл райондук мамлекеттик адмнистрациясынын башчысы:

"Мен Ысык-Көл райондук мамлекеттик адмнистрациясынын жаңы бекитилген акими катары иш баштап жаңы кызмат ордума кириштим. Негизинен биздин мамлекет башчыбыздын иш -чарасын толугу менен колдойм. Себеби ар тарапта иштеп келген жетекчинин иш тажрыйбасы өркүндөйт жана ар кайсы региондогу көйгөйлөрдү ар башкача көз карашта карап жаңы талаптар менен чечкенге мүмкүнчүлүктөр болот деп ойлойм. Кырдаал жеңил эмес, бүгүнтөн баштап жетекчилерди чогултуп жакында аткара турган иш мерчемдерди белгиледик. Негизги максаттарыбыз райондун экономикасын жандандыруу, туристик сезонго даярдануу ошондой эле биздин райондо курчуп бара жаткан ковид маселеси боюнча сүйлөшүүлөр болду. Кандай даярданабыз? максаттарыбыз кандай? кыйчалыш кырдаалдан кандай чыгуу боюнча маселелерди көтөрүүдөбүз. Андан сырткары дагы алдыбызда маселелер коюлган. Анын ичинде райондордун инфраструктурасын оңдоо, райондоштуруу , цифраизация маселелери. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин негизинде айыл аймакты дотациядан чыгаруу маселеси айыл чарба тармагын тамак-аш коопсуздугу ,продукция өндүрүү боюнча маселелерди кароо биринчи маселелерден. Ошондой эле Ысык-Көлдүн потенциялы абдан чоң деп эсептейм. Ошол негизде салык жагынан дагы салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү маселеси алдыбызда турат. Бир сөз менен айтканда алдыга койгон максаттар,талаптар абдан көп. Ошолордун баарын ишенимдүү түрдө аткарганга аракет кылып,иштеп беребиз деген ойдомун."


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД