Жалал-Абад шаарында эковеломарафон ѳттү

10-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында эковеломарафон в ѳттү. Иш-чаранын негизги максаты абанын булганышы кѳйгѳйүнѳ коомчулуктун кѳңүлүн буруу, экологиялык транспорт жана дени сак жашоо образын жайылтуу болду.

Велосипедди башка унаа каражаттарына альтернатива катары колдонуу шаардагы абанын булганышын азайтууга мүмкүнчүлүк түзѳт.

Велосипедчилердин колоннасы Барпы театры жанынан старт алып, ошол эле жерде ѳз жолун аяктады. Веломарафондо 100 адамдан ашык киши катышты.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри, Германиянын эл аралык кызматташтык уюмунун жана ошондой эле уюштуруучу "Youth of Osh" жана "Дестинация Жалал-Абад" уюмдарынын ѳкүлдѳрү катышты. Мындан тышканы, иш-чаранын алкагында бош жумуш орундары жарманкеси да уюштурулду. Жарманке жумуш берүүчү жана жумуш издөөчү ортосунда атайын платформа түзүү максатында ѳткѳрүлдү, ага шаардын алдынкы иш-каналардын ѳкүлдѳрү катышты.

Иш-чара "Визит Жалал-Абад" долбоору алкагында уюштурулду. Долбоор "Youth of Osh" жана "Дестинация Ош", "Дестинация Жалал-Абад" коомдук бирикмелери тарабынан ишке ашырылып, Европа Биримдиги жана Германиянын экономикалык өнуктүрүү боюнча федералдык министрлиги тарабынан "Аймактарды комплекстуу ѳнүктүрүү" программасынын алкагында каржыланууда. Бул туралуу "Youth of Osh" коомдук бирикмесинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД