Талас шаарындагы мейманканада бейбаштык кылган адам кармалды

11 -октябрда саат 04:30 чамасында Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө "Кербен Палас" мейманканасында ", белгисиз адам чатак чыгарып жана бөлмөлөрдүн эшиктерин сындыргандыгы туралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барган.Текшерүү учурунда ал Талас шаарынын тургуну 1983- жылкы О.С. экени аныктаган. Ал белгисиз себептерден улам мас абалында чатак чыгарып, мейманкананын бөлмөлөрүнүн эшиктерин сындырган. Мындан сырткары "Фольксваген Поло" унаасынын арткы жана каптал терезелерин сындарган жана Nissan үлгүсүндөгү каптал терезелерин талкалаган. Бул окуя Ички иштер башкармалыгында катталган. Шектүү адам милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө органдары өткөрүлүп берилди. Түнкү кырсыктын бардык жагдайлары иликтенүүдө, кармалган адам учурда көрсөтмө берип жатат. Социалдык тармактарда кармалган адам милицияда иштейт деген билдирүүлөр жазылган, бирок ал киши эч жерде иштебейт, деп билдиришти Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД