Австриянын канцлери коррупция боюнча айыптоолордон кийин кызматынан кетти

Австриянын канцлери Себастьян Курц отставкага кеткенин жарыялады, деп жазат Reuters. Мындай чечим анын коррупцияга тиешеси бар деген шек менен кабыл алынган.

Тышкы иштер министри Александр Шалленберг канцлердин милдетин аткарат. Курц Австрия элдик партиясынын лидери катары кызматын сактап калат жана депутаттык мандатка ээ болуп, бул партиянын парламенттеги фракциясын жетектейт.

Курц "башаламандыктан качуу жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу" үчүн кызматтан кетип жатканын айтты. Австриянын прокуратурасы канцлерге каршы пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча иликтөө баштаган.

Укук коргоо органдары 2016-2018-жылдары бюджеттик каражаттар Австриянын Элдик партиясына оң баа берүү менен сурамжылоо жүргүзүүгө, ошондой эле алардын жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого жумшалган деп эсептешет.

Курцтун кеңсесинде, партиянын штабында жана Каржы министрлигинде тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө иштерине канцлерден тышкары тогуз киши тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД