Терезеден ок аткан бейбаштар изделип жатат

2021 -жылдын 11 -октябрында Жайыл районунун ички иштер башкармалыгына 35 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Белгисиз адамдар үстүбүздөгү жылдын 9 -октябрында саат 03:30 чамасында арыз ээсинин үйүнүн терезесине белгисиз куралдан ок чыгарган анын терезе айнеги бузулуп, үй -бүлө мүчөлөрү катуу коркушкан. Бул факты Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат системасында катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бардык жагдайлар иликтенүүдө. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө жана ок аткандарды издөө жүргүзүлүп жатат.Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. https://www.instagram.com/p/CU2_johAmPV/?utm_medium=copy_link


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД