С.Жапаров В.Путинге авиакырсык боюнча көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге жарандык учактын аварияга учуроосунан улам адам өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

"Россия Федерациясынын Татарстан Республикасындагы Мензелинск районунда болгон авиакырсыктан улам каза тапкандар тууралуу оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул трагедиядан жабыркагандардын баары тез арада сакайып кетишин каалайм", - деп белгиленет телеграммада.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД