Ошто 14-17-октябрда Оруссия кино күндөрү өтөт

Өтүп жаткан иш-чараларга Оруссиянын эмгек сиңирген артисттери Юрий Кузнецов, Марина Яковлева, белгилүү актер Марк Вдовин, Михаил Шеломенцев, продюсер Елена Лебедова, Кыргызстандын белгилүү теле алып баруучусу Ассоль Молдокматова катышат.

Кино тасмалардын жана чыгармачылык жолугушуулардын тизмеси:

14.10.2021 саат 16:00до "Семетей" кинотеатрында кино жумалыктын расмий ачылышы жана РФдин эмгек сиңирген артисти Юрий Кузнецовдун чыгармачылык жолугушуусу болот. Мындан тышкары "Огонь" киносу көрсөтүлөт;

- 15.10.2021 саат 16:00до ОшМУнун жыйындар залында РФдин эмгек сиңирген артисти Марина Яковлеванын чыгармачылык жолугушуусу болот. Ал эми саат 17:30да Семетей кинотеатрында "Серебряные коньки" киносу коюлат. Ошондой эле, саат 19:00до "Чаво" отелинде Михаил Шеломенцевдин, Ассоль Молдокматова менен биргеликте чыгармачылык жолугушуусу өтөт.

- 16.10.2021 саат 18:00 "Назад в степь к сарматам" киносу көрсөтүлүп, 20:00до актёр Тимур Гариповдун күйөрмандар менен бааралашуусу өтөт.

- 17.10.2021 саат 16:00до иш-чаранын расмий жабылыш аземи "Семетей" кинотеатрында болуп, "Подольские курсанты" киносу менен жыйынтыкталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД