
Бул туралуу Kaktus.media басылмасы жазды. Шаардык перинаталдык борбордо төрөлгөн үч эгиз кызга күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарованын ысымдары ыйгарылат.
Жаңы төрөлгөн кыздардын чоң энесинин айтымында, алардын аттары уйкаш болуп, бирдей А тамгасына башталсын деген ойдо Мээримдин ысымы Ай-Мээрим деп өзгөртүлөт.
"Биздин спортчулар Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалашты. Аларды аябай колдоп жаттык. Айсулуу, Мээрим жана Айпериден жок дегенде бир үлгү алсын деген үмүт менен неберелерибиздин атын алардын атынан коюп жатабыз", - дейт эгиздердин чоң энеси.