Кванджу шаарында "Азия Маданий Плаза" фестивалы өттү

2021-жылдын 8-9-октябрында Кванджу шаарында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги эл аралык "Азия Маданий Плаза" фестивалына катышты. Аны Кванджу шаарынын Эл аралык борбору жана Азиянын маданият борбору менен Азиянын маданият институту биргеликте уюштурду.

Бул онлайн иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси Динара Кемелова куттуктоо сөзүн сүйлөп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи жана быйыл Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө тууралуу маалымат берди.

Элчилик ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу видеороликтерди көрсөтүүнү уюштуруп, Кыргызстан жөнүндө китепчелерди таркатып, өлкөнүн экспорттук потенциалы менен тааныштырды, атап айтканда, кыргыздын бал, нуга, шоколад жана кийизден жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД