Ош облусунда жүк ташуучу унаа менен көпүрө кулады

Кыргызстанда, Ош облусунда көмүр жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаа менен бирге көпүрө кулады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борборунан билдиришкендей, окуя кечээ, 11-октябрда Кара-Суу районунун Ош-Папан-Кожокелен унаа жолунун 24-чакырымында болгон.

Унаанын ичинде эки адам болгон алар секирип кетүүгө үлгүргөн.

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы кырдаалды тактоо үчүн окуя болгон жерге жөнөп кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД