Ирандын президенттигине 592 талапкер арыз берип, 585и четтетилди

Ирандын жогорку лидери, Аятолла Али Хаменеи 585 талапкерди шайлоодон четтетүү чечимин колдоду. Бул тууралуу ал 27-майдагы парламент мүчөлөрү менен болгон жолугушууда билдиргенин "Озодлик" радиосу жазды.

Буга чейин Ирандын Конституцияны коргоо кеңеши президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз калтырган 592 кишинин ичинен 7 талапкерге гана уруксат берип, калганын жарышка өткөргөн эмес. Шайлоодон четтетилгендердин катарында 2005-2013-жылдары Ирандын президенти болгон Махмуд Ахмадинежад да бар.

Белгилейт кетсек, Иранда президенттик шайлоо 18-июнда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД