Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы кызматынан бошотулду. Бул туралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.