Жөө адамды сүзгөн айдоочу кармалды

2021-жылдын 11-октябрында саат 19:06 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 30,500-чакырымында Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында белгисиз айдоочу 72 жаштагы М.С.нын жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден белгисиз тарапка жылган. Жол кырсыгынын себеби жөө жүргүнчү М.С. алкоголдук мас абалында жолдун ортосунда отурган. Бул факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери айдап бара жаткан жараан Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң айылынын тургуну 36 жаштагы Б.Н болгон. Бул факты Ак-Суу районунун ИИББнын Кыргыз Республикасынын кылмыштарынын жана жоруктарынын бирдиктүү реестри Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесине ылайык катталган. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул туралуу КРнын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД