Ак-Талаада спорт залдын курулушу 6 жылдан бери бүтпөй келет

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылында 6 жыл мурун башталган спорт залдын курулушу токтоп турат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2015-жылы парламенттик шайлоонун астында аталган айылдагы белгилүү композитор Калый Молдобасановдун ысымын алып жүргөн орто мектепке спорт залдын курулуш иштери башталган.

Курулуш иштеринин тендердик наркы 21 миллион сомду түзгөн. 2015-жылы 3 миллион сом каражат бөлүнүп берилген. 3 миллион 235 миң сомго спорт залдын жер жумуштары аткарылып, пайдубалы гана түптөлгөн. Андан бери эч бир каражат бөлүнбөгөндүктөн курулуш иштери үзгүлтүккө учурап калган.

Арадан 6 жыл өтсө дагы спорт залдын курулушуна акча бөлүнбөй, аракеттер көрүлбөй жатат. Учурда куюлган пайдубалы эскирип, айрым жерлеринен жарака кетип, бурчтарынан чыгып турган арматураларды дат басууда.

"Пайдубалдардын ортосуна төгүлгөн топурак, шагылы кандайдыр бир тарыхый чептин калдыгындай эле көрүнүп боз дөбөлөргө айланып калды. Бул спорт залдын курулушу бүткөрүлөбү же ушул боюнча пайдубалы көмүлүп кала береби?", - деп нааразычылыгын билдиришти жергиликтүү тургундар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД