Таштанды үчүн "Спартак" стадионуна айып пул салынды

Кечээ, 11 -октябрда "Спартак" стадионунда Ka4eli Fest музыкалык фестивалы өттү. Ошол эле учурда администрация тазалыкты жана тартипти камсыздай алган жок. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 70 -берене боюнча 13 миң сом айып салынды. Бирок, алар мыйзам бузууну мойнуна алышкан жок, ишти бузуулар боюнча административдик комиссия карайт. Мындай рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлөт деп билдирди Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД