Ч.Турсунбековдун жаркын элесине арналган адабий кечеси өтөт

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат, чыгаан саясатчы, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын жана котормочу Чыныбай_Турсунбековдун жаркын элесине жана чыгармачылыгына арналган "Жылдыздуу жээк" адабий кечеси Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 23-октябрь күнү эртең мененки саат 9:30да өтөт, кирүү акысыз.

Кечеде "Жылдыздуу жээк" ырлар жыйнагы жана "Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм" аттуу эскерүү китебинин бет ачары болот иш-чара сүрөт көргөзмө жана театрлаштырылган концерттик программа менен коштолот. Бул туралуу Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун өкүлдөрү өз баракчасында билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД