"Игра в кальмара" дүйнө жүзүндөгү эң көп көрулгөн сериал

Режиссер Хван Донг Хёктун түштүк кореялык "Игра в кальмара" сериалы Netflix стриминг платформасынын тарыхында эң популярдуу болуп калды. Бул тууралуу агымдык платформа шаршемби күнү, 13 -октябрда, өзүнүн Твиттеринде жарыялады.

"Игра в кальмара" расмий түрдө 111 миллион күйөрман топтоду, бул сериял Netflixтин тарыхында эң көп көрүлгөн тасма болду.

Ошентип, премьера болгон учурдан тартып 25 күндүн ичинде сериал алгачкы төрт жумада 82 миллион көрүүчү топтогон америкалык "Бриджертондун" сериалын басып өттү. Түштүк кореялык драма 90 өлкөдө Netflixтин алдыңкы сабында турат жана АКШда эң көп суроо-талапка ээ болгон 18 шоунун катарына кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД