КР УКМК: Террористерди каржылагандар кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар КР жарандарынан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.Тактап айтканда, чет өлкөдө резонанстуу теракты уюштурууга катышкан адамдарды каржылоого шектелип, ар кайсы өлкөлөрдүн 39 жаранынын өмүрүн алган, 1988-ж.т. "А.А." жана 1990-ж.т."А.М." аттуу КР жарандары Бишкек шаарынан кармалды.Кармалгандар Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайына киргизилди.Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар улантылып жатат. Бул маалыматты КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД