
Санариптештирүү көптөн бери эле көнүл борборундагы сөз болбой калды. Мамлекет үчүн бул натыйжалуулуктун, ишенимдин жана адилеттүүлүктүн маселеси. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде муну жакшы түшүнүшөт. Бул жерде санариптик чечимдер жарандар үчүн да, мамлекеттик тутумдун өзү үчүн да бюрократияга каршы натыйжалуу куралга айланууда. Технологиялар укук тармагын кандай өзгөртүп жаткандыгын юстиция министринин орун басары Искендер Сыдыгалиев айтып берди.
"Адам факторусуз" жана кагазсыз нотариат
Эң көрүнүктүү реформалардын бири нотариалдык аракеттерди толук санариптештирүү. Эгерде буга чейин нотариат кагаздардын үймөгү, бланктарды кол менен толтуруу жана жасалмалоо тобокелдиктери менен байланыштуу болсо, бүгүн бардык нотариалдык аракеттер бирдиктүү маалыматтык системада жүргүзүлөт.
Бул жөн гана ыңгайлуулук маселеси эмес. Ар бир кадам системада катталгандыктан, коррупцияга, жазгырууга жана "жоголуп кетүүчү" документтерге шарт түзүлбөйт. Процесс ачык-айкын болуп, аймакка же кардардын макамына карабастан бардыгы үчүн бирдей жүргүзүлөт.
Бизнести мамлекеттик органга барбастан каттоо
Юстиция министрлиги юридикалык жактарды электрондук түрдө каттоону этап-этабы менен киргизип жатат. Алгач жоопкерчилиги чектелген коомдордон башталган. Пилоттук долбоор жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, уюмдардын уюштуруучулук-укуктук формаларынын тизмеси кеңейтилди. Өткөн жылдан тартып жабык жана ачык акционердик коомдор да онлайн тартипте каттала баштады.
Бүгүнкү күндө бизнести каттоо үчүн юстиция органдарына баруунун зарылдыгы жок. Документтердин пакетин даярдап, аларды Юстиция министрлигинин порталына жүктөп, электрондук кол тамга менен кол коюп, мыйзамда белгиленген мөөнөттү күтүү жетиштүү.
Жакынкы аралыкта ушундай эле форматты фермердик жана дыйкан чарбаларын каттоодо да колдонуу пландалууда.
Электрондук көзөмөл: гумандуу, коопсуз жана акылга сыярлык
Өзгөчө технологиялык жана ошол эле учурда социалдык мааниге ээ демилгелердин бири, электрондук көзөмөл түрүндөгү бөгөт коюу чарасын киргизүү болду.
Бул жерде принципиалдуу жаңы ыкма жөнүндө сөз болууда. Бул чара колдонулган адам коомдон обочолонтулбайт, эркин жүрөт, бирок так белгиленген чектөөлөр менен. Жүрүм-турум чектери сот, тергөөчү же прокурор тарабынан аныкталат, ал эми талаптардын сакталышы электрондук билериктер жана Face ID функциясы бар мобилдик тиркеме аркылуу 24 саат бою көзөмөлдөнөт.
2024-жылдын июнь айынан бүгүнкү күнгө чейин мындай бөгөт коюу чарасын тандоо боюнча 630дан ашык токтом чыгарылган. Бул жүздөгөн адамдар тергөө абактарына түшпөгөнүн, ал эми мамлекет бюджетке түшкөн жүктү кыскартканын билдирет.
Мунун дагы бир маанилүү жагы бар. Колдонулган түзүлүш адамды коом алдында белгилеп же кемсинтпейт. Билериктер сырткы көрүнүшү боюнча кадимки акылдуу сааттардан айырмаланбайт.
Технологиялардын жардамы менен үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргоо
Өткөн жылдын октябрь айында Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодекстин жана "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө кол койгон. Натыйжада электрондук көзөмөл үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргоонун натыйжалуу куралына айланды.
Коркунуч жаралган учурда жубайлардын бирине электрондук билерик тагылат, ал эми жабырлануучуга мобилдик тиркеме орнотулат. Белгиленген кооптуу аралыкка жакындоо аракети болгондо, система дароо сигнал берип, тиешелүү кызматтардын ыкчам чара көрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.
Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулук иштеринин алкагында электрондук көзөмөлдү колдонуу боюнча алгачкы практикалык жыйынтыктар алынды. Пилоттук долбоор Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, Жогорку сот жана Пробация департаментинин кызматташуусунда ишке ашырылууда. Учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун 18 учуру боюнча электрондук көзөмөл колдонулууда.
Мыйзам жынысына карабастан, бардыгы үчүн бирдей колдонулат. Бул декларациялардан чыныгы коргоо механизмдерине өтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Бир шилтем менен апостил алуу
Кыргызстандыктар байкаган дагы бир чечим бул электрондук апостиль болуп саналат. Эми жаранга кезекте туруунун зарылдыгы жок. Документ Юстиция министрлигинин порталына жүктөлөт, онлайн төлөм жүргүзүлөт жана апостиль электрондук түрдө QR коду менен берилет. Бул мобилдүү доордо айрыкча маанилүү.
Myizam.kg: мыйзамдар жөнөкөй тилде
Myizam.kg ченемдик укуктук актыларынын жаңыртылган базасы "адам борборунун" укугуна карай дагы бир кадам болуп саналат. Интерфейс жөнөкөйлөштүрүлүп, документтер тармактар боюнча иреттелди, ал эми издөө үчүн эми юридикалык терминологияны билүү талап кылынбайт.
Келечекте бул база жөн гана мыйзамдардын архиви болбостон, укуктук көрсөткүчкө айланышы керек. Маселен, татаал турмуштук кырдаалга кабылган адам мыйзамдын ченемин гана эмес, андан ары кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча да багыттоочу маалымат ала алат.
Сот процесстери толук жазууга алынат
Юстиция министрлиги сот процесстерин милдеттүү түрдө аудио жана видеожаздыруусун демилгеледи. Президент Садыр Жапаров кол койгон тиешелүү мыйзам кылмыш иштерине карата 2025-жылдын 23-августунан тартып, ал эми жарандык жана административдик иштер боюнча 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди. Ошентип, соттук жол-жоболордун ачык-айкындуулугу сунуш берүү деңгээлинен милдеттүү стандартка өттү.
Мындан тышкары, доо арыздарды берүү, документтер менен алмашуу жана сот отурумдарына катышуу санариптик чөйрөдө жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул айрыкча алыскы аймактардын тургундары үчүн маанилүү. Ошондой эле тараптардын макулдугу менен, мамлекеттик сырга же жеке турмушка тиешелүү иштерден тышкары, сот отурумдарын онлайн-түз көрсөтүү институту киргизилди.
Санариптик далилдер: замандын чакырыгына жооп
Алдамчылык, киберкылмыштар, криптовалюталар - заманбап кылмыштуулуктун санариптик издерин калтырууда. Юстиция министрлиги санариптик далилдер институтун киргизүүнүн үстүндө иш алып барууда. Бул татаал, бирок зарыл реформа. Мыйзам кабыл алынгандан кийин тергөөчүлөрдү жана прокурорлорду окутуу, ошондой эле методикалык база иштелип чыгат. Негизинен бул кылмыш укугундагы олуттуу боштукту жоюуга багытталган кадам болуп саналат.