Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз борбору билдирди.
Анын айтымында, 16 адам ооруканага жаткырылган, алардын бешөө балдар. Дагы 90у амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
Алдын ала маалыматка караганда, ууланууга жылкынын эти себеп болгон. Тургундар дарыгерлерге 11-октябрдан тарта кайрыла баштаган.