"Менин жашоом тууралуу тасма тартса болот"

Бүгүнкү коногубуз - белгилүү музыкант, КРнын Эмгек сиңирген артисти, Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү, музыкант Чалагыз Исабаев менен атактуу комузчу, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова уулу - Актан Исабаев. "Сүйөм сени", "Сүйүүзар", "Кайдасын", "Энекем" жана башка ырлары 2000-жылдары хитке айланып, азыр да анын күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ.

Ырчы эмне үчүн популярдуулуктун туу чокусунда өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгондугу, "Даана", "Элес" топторундагы чыгармачылык ишмердүүлүгү тууралуу, жашоосундагы эң маанилүү нерселер жөнүндө биздин басылмага айтып берди.

Биз ата-энебиздин жакшы сапаттарын кабыл алдык

Белгилүү адамдардын уулу болуу- бул чоң жоопкерчилик экендиги талашсыз. Менин ата -энем абдан жөнөкөй адамдар. Балдарга үлгүлүү жүрүм-турум жана татыктуу тарбия жөнүндө жеке үлгү көрсөтүү керек. Байкем экөөбүз ата–энемдин башкаларга кандай чон урмат-сый менен мамиле жасашкандарын көрдүп эс тарттык. Биз алардын мындай мүнөзүн, көз карашын так өзүндөй кабыл алганбыз. Мен ойлойм, биз ата -энебизден көптөгөн жакшы сапаттарын өзүбүзгө көчүрүп алдык. Атам бизди эч качан эркибизге каршы болгон ишти жасаганга мажбурлаган эмес, ал бизге туура багыт берген. Атамдын олуттуу бир карап койгондугу – биздин туура эмес иш жасап койгондугубуздун же жатканыбыздын белгиси болчу…

Мен үчүн - атам супермен. Апам дайыма ханыша болчу, ата-энем чет өлкөгө чыгаарда ага кийимди атам өзү тандап берчү. Апам француз айымдарына окшош калчу. Азыр апам формада болууга аракет кылат, көптөгөн адамдар аны сүрдүү аял деп ойлошот, бирок чындыгында ал абдан ак көнүл, боорукер жана жумшак адам. Улуу агам Аслан Америкада жашайт жана колледжде скрипка боюнча сабак өтөт. Ал мульти-музыкант, көп музыкалык аспаптарда ойной алат.

Музыка - менин тагдырым

Биздин үйдө дүйнөнүн алдыңкы музыкасы ар дайым жаңырат эле, бизде ар кандай багыттагы чоң музыкалык китепкана бар болчу, ата-энебиз бизге абдан жакшы музыкалык табит тартуулашты. Мен жаш кезимден эле музыкалык келечекти тандаарымды түшүндүм. М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта фортепиано классында окудум. Москва, Ленинград, Ташкент, Алматы ж. б. шаарларда өткөн музыкалык сынактарга барчубуз. Мен абдан ар тараптуу бала болчумун, көптөгөн хоббилерим бар болчу, ачык-айрым жана стилдүү кийинүүгө аракет кылчуумун.

Жоопкерчиликти өзүмө алуудан корккон жокмун

18 жашымда үйлөндүм, 19 жашымда атам каза болду, Советтер Союзу таркады. Кыйын учурга туш келдик, үй -бүлөнү камсыздоо керек болчу. Дурусураак каражат табуунун жолун издеп, бизнестин арты менен Пакистан, Индияга каттаган учурлар болду. 21 жашымда биринчи автоуунамды – "Audi" маркасындагы машинамды сатып алдым. Анда борбордун көчөлөрү азыркыдай ууна тыгындар көп эмес, бош болчу…

Ошол эле жылы Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтун бүтүрдүм (азыркы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети)

Биринчи жигиттер тобунун солисти

Менин ырчылык карьерам Кыргызстанда алгачкы жолу ырдай, бийлей ала турган жигиттерден түзүлгөн "Даана" тобунда башталган. Кийинчерээк бизди Казакстанга чакырышты, биз коңшу мамлекеттин музыка сүйүүчүлөрүнүн симпатиясына, таануусуна ээ болдук. Биздин топ улуттук мамлекеттик жана эл аралык масштабдагы концерттерде ырдачу. Бир жылдан кийин, жүйөлүү себептерден улам, топтон кетүүгө туура келди, анткени бутума операция жасалып, бийлей албай калдым.

1995 -жылы мени "Элес" тобунун солисти болууга чакырышты, ушул жерден Актан Исабаев катары тааныла баштадым. Ар дайым "Даана", "Элес" сыяктуу элге таанымал ушул эки музыкалык долбоордо өткөргөн күндөрүмдү ыраазычылык жана сагыныч менен эстейм. Алар менин профессионал музыкант катары калыптанышымда чоң роль ойногон.

Соло карьера

Андан кийин мен жеке чыгармачылыгымды баштадым, Стас Рекачанский менен иштештим, ошондой эле Бакыт Алишеров, Кыялбек Урманбетов, маркум Нургиза Чекилова, Алмаз Аширов, Денис Колючий, Эдуард Шелтон, Медер Токтогулов менен иштештим, булар мага хит болгон ырларды жаздырууга көмөк көрсөткөн таланттуу адамдар.

Ал кезде мен сырткы келбетим боюнча тынымсыз эксперимент жасап жүрчүмүн, Зухра Мукамбетова, Татьяна Воротникова сыяктуу дизайнерлер менен иштештим, алар эмгек жолун жаңы эле башташкан, азыр алар өз тармагынын корифейлери болуп калышкан.

Сүйгөн ишти таштоого туура келгенде

Менде музыкалык студия бар болчу, анда биз профессионал жана ышкыбоз музыканттарга чыгармачылык идеяларын ишке ашырууга жардам берчүбүз. 2005 –жылы болгон биринчи революциядан кийин, музыкалык студия жайгашкан бул имаратты тартып алып коюшту. Мындай мамиле мага абдан оор тийди, чыны абдан капа болдум, андан кийин Америкага кетүүнү чечтим.

Визамдын мөөнөтү аяктаганда, аны узартуу үчүн Бишкекке келип турчумун. Ата Мекениме келгенде корпоративдик кечелерде ырдайт элем. АКШда бардык чөйрөдө, анын ичинде шоу-бизнесте да аябай чоң атаандаштык бар. Мага "бөтөн жерде ар түрдүү иш жасаган жумушчу болуп каламбы…" деген кыжаалат ойлор келген. Бирок, Америкага кеткенден кийин жана бүгүнкү күнгө чейин менин жашоом музыка менен байланыштуу болду.

Эки башка адам

Жакында менин чыгармачылык кечем өттү, сүрөтчү өзүн спортчулар сыяктуу катары кармап турууга тийиш. Эгер аларда денесин физикалык жактан чындап турушса, вокалисттер өз үнүн өтө этияттап, ага өзгөчө кылдат мамиле жассоого тийиш. Менин ырларымды башка аткаруучулар ырдашты, мен өзүм эки жуп ырды аткардым.

Албетте, карьерасынын башталышындагы Актан менен азыркы Актан - эки башка адам. Бирок, башынан көп нерсени кечирген жаш Актан бүгүнкү Актанды калыптандырган.

Ар бир учурдан ырахат ала билүү керек

Бакыт кайсы бир кайталангыс учурлардан, сезүүлөрдөн турат. Азыр менин эң кенже кызым Кернел 1,5 жашта, ал жан-дүйнөндөгү бардык мейкиндикти мелт-калт толтуруп турат. Анын биринчи кадамына, биринчи айткан сөздөрүнө кубанабыз. Мындай сезимди сөз менен жеткирүү өтө кыйын!

Ишиңиз ушунчалык көп болсо да балдарга убакыт табуу керек. Жубайым Гузал – менин таянчым, кеңешчим, сергек жашоонун үлгүсү. 6 жыл мурун биринчи жолу чоң ата болдум. Менин Америкада жашаган уулумдун эки баласы бар. Мен неберелеримди сүрөттөрдөн жаңа видеобайланыш аркылуу гана көргөн үчүн чоң аталык сезимдери толук сезе албай жатат окшойм.

Эски ырлар - эң башкы нерсени баяндайт

Менде жакынкы мезгилде кээ бир эски ырларды кайра жаздырсам деген пландарым бар. Ал жаӊы үн, жаңы формат менен чыгат. Ошондой эле чыгармачылыгымдын 25 жылдыгына арнала турган менин жеке концертим өтөт. Бул тууралуу октябрь айынын аягында кыскача анонс чыгарабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД