УКМК Ноокат шаарынын мэрин жана Ноокат Кеңешинин депутатын кармады

Ош облусунда Ноокат шаарынын мэри 1978 -жылы туулган Жоомарт Нуридинов жана мурдагы спикер, учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты, 1958 -жылы туулган Абдурахман Гафаров кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен) боюнча "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат системасында катталган

2017 -жылдан 2021 -жылдын июнуна чейинки мезгилде мэриянын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджетке 15 043 720 сом зыян келтиргени аныкталган.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана бюджетке белгиленген зыянды толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД