Балама кошулуп өлгүм келди. Мен баргыча көмүп коюшуптур

Биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнбүз. Бир күнү "жүр, ата-энем менен тааныштырам" деп үйүнө чакырды. Жаман оюм жок, сунушуна макул болдум. Босогосун аттарым менен кайдан-жайдан эжелери чыга калып, жоолук салып киришти. Жигитимди катуу сүйгөнүм үчүн отуруп калдым

Туугандары жактырбай коюшту. Ачык эле кетирүүнүн айласын көрүп жатышты. Анүстүнө кайнатам менен кайненем ичишет экен. Бир жолу бычак көтөрүп алып, бири-бири менен мушташкан. Мындайды көрбөгөн жаным нес болуп калдым. Баарына чыдадым. Көп өтпөй боюмда бар экенин билдим.

Кайненеме чай куюп берип жатып, кускум келип сыртка чуркап чыктым. Токсикоз болуп жатканымды билип турса да, артыман келип, "эмнеге менден уруксат сурап чыкпайсың?!" деп тилдеди. Күйөөм жумуштан келгенде болушунча жамандап, сөзү түгөнгөндө "үйүмөн чыгып кет!" деп кубалады. Макул болуп шаарга жөнөдүм. Көп өтпөй күйөөм артыман келди.

Бир күнү ичим катуу ооруп, "тез жардам" чакырып бейтапканага бардык. Балам ичимде өлүп калганына бир ай болуптур. "Буйрук экен, дагы көп балалуу болормун" деп өзүмдү жубаттым.

Кайненем Москвага кетти. Күйөөмдү жанына чакыртып алды. Мен кийинки баламды жаңы эле төрөгөм. Ошентип балам менен кайнежемдин үйүндө жашап калдым. Бул арада күйөөм чалып, "бул жакка кел" дей баштады. Балам бир жарым жашка толуп калган эле. Өзүм менен кошо алып барайын десем, кайненем да, кайнежем да болбой, бул жакка эле ташташымды айтып туруп

алышты. Айласыздан макул болдум:

Москвага келгениме эки ай болгондо, айылдан суук кабар келди. Балам сууга агып, чарчап калыптыр. Балама кошулуп өлгүм келди. Мен баргыча көмүп коюшуптур. Баарына жүрөгүм муздап калды. Азыр эч бирөөсү менен сүйлөшпөйм. Акыркы күндөрү баламды ойлой берип акылымдан тайып баратам.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД