Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

КР ЭКМКга караштуу Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык: 2021-жылдын 21-октябрында күндүз жана 22-23-октябрларда аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-октябрда жана 23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2021-жылдын 22-23-октябрларда жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3°, күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 19-октябрь күнү №02-34/730-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2021-жылдын 20-октябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД