Ошто тротуарга чыгып соода кылгандарга эскертүү берилди

Ош шаарында тротуарга чыгып алган соодагерлерге эскертүү берилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, тротуарга чейин чыгып соода кылган сатуучулар жөө жүргүнчүлөрдүн эркин басып жүрүүсүнө ыӊгайсыздык жаратып келет. Буга байланыштуу Кайгуул кызмат бөлүмүнүн жол көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан эскертүү иш-чаралары жүрүп жатат. Базардагы тротуарларда соода-сатык менен алектенген адамдар дүкөнүнөн мыйзамсыз түрдө тротуарга чейин чыгарып, жөө адамдар жүрүүчү жолдор тосулуп, адамдардын өмүрүнө коопсуздугуна коркунуч туудурат. Анткени жөө адамдар тротуар тосулуп калгандыгына байланыштуу унаа жүрүүчү жолго чыгып басышат.

Жол көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ар бир жөө адамдар басуучу жолдо соода кылган сатуучуга эскертүү кагаздары берилип, тез аранын ичинде бул кемчиликтерди калыбына келтирүүлөрүн эскертишүүдө. Эгерде аталган кемчиликтер белгилүү убакыттын ичинде калыбына келтирилбесе, Бузуулар кодексинин 120-беренесине (автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу) ылайк айып пул салынаары эскертилди.

Буга чейин шаар тургундарынын бири аталан базардагы тротуарларда соода кылган сатуучулардын айынан жөө жүргүнчүлөр унаа жолго чыгып басып, коопсуздуктарына коркунуч жаралып жаткандыгы тууралуу видеону социалдык тармактарга жарыялаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД