Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев консул Кристоф Крошкени кабыл алды

2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингия Федералдык жерлериндеги Ардактуу Башкы консулу, профессор Рейнхольд Креммелди жана Кыргыз Республикасынын Шлезвиг-Хольштейн федералдык жериндеги Ардактуу консулу Кристоф Крошкени кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Рейнхольд Креммель менен Кристоф Крошке Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдары катары өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле Германиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы иштердин пландары менен бөлүшүштү.

Министр Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдары менен Кыргыз Республикасына германиялык инвестициялары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы туруктуу байланыштарды түзүү максатын көздөгөн Кыргыз-Германия ишкердик кеңешин түзүү маселесин талкуулады.

КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы Р.Казакбаев ардактуу консулдарга Германиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөткөн жардамы, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес коомчулуктарынын өкүлдөрү менен байланыштарды бекемдөө боюнча жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД