Президент Садыр Жапаров 23-октябрда ата мекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.
Маалыматка ылайык, жыйын саат 11:00дө башталат.