Биз элдин тандоосу менен президенттик башкарууга өттүк

Шаршенбек кызы Гүлбүбү, Тоң районунун акиминин орун басары:

"Тоң районунда азыркы күндө эпидемиологиялык абал туруктуу. Районубузга кызыл зона киргизилген жок. Ковид илдети менен бир кадам ооруп, ал киши Каракол шаарында дарыланып жатат.Ошондой эле 3 адам жеңил түрү менен ооруганына байланыштуу үй шартында карантинде.17бейтап менен байланыш болгон адам дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат. Абал туруктуу болгонуна байланыштуу мобилдик топтор иштеген жок. Саламаттыкты сактоо мекемелеринде алдын ала сатылып алынган дары-дармектердин жана коргонуучу каражаттардын 3 айлык запасы бар. Эгерде кызыл зона ачылып калса элибизди толук кандуу камсыздай алабыз деп мен ишенем. Ал эми быйылкы бүтүрүүчүлөүбүз боюнча айта кетсем быйыл 564 окуучу мектепти аяктады. Штабтардын чечимдеринин негизинде бүтүрүү кечеси онлайн түрдө өткөрүлдү.

Баарыңыздарга белгилүү белгилүү болгондой мамлекетти башкаруунун башка этабына өтүп жатабыз десек болот себеби элибиз өзү тандап алды,анан мына баарыңыздарга белгилүү болгондой бирөөбүз калбай атестатция тапшырдык.Райондун акимдери ,орун басарлары ошого байланыштуу комиссия өз чечимин президентке сунуштады ага ылайык бизге дагы кече күну жаңы аким сунушталып жалпы коллективке таныштырылып кетти.

Менин жеке оюм боюнча мамлекет башчы ушул орунга келгенде эле элден райондук адмнистрация же башка бийликтеги адамдар боюнча нааразычылык көп уккан болсо керек. Ошондуктан баардык жетекчилердин билимин текшериш максатын коюп указ кабыл алып ушул боюнча иштер жүрүп жатат. Менин оюмча бул абдан жакшы. Себеби тарых тастыктап жаткандай биз элдин тандоосу менен президенттик башкарууга өттүк. Эми чечимдерге баш ийип иштерибизди алып барабыз .

Ротациялоо маселеси абдан жакшы болду себеби бир адам бир жерде кечке отура бергенде жаңы мүмкунчүлүктөрдү көө албайт,өсүш болбойт деп эсептейм."


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД