Аламүдүн районунун Аламүдүн айылынын Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналында (БЧК) белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 3 куткаруучу тартылып, суудан болжол менен 45-50 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.