Рак оорусу менен ооруган Алина Батурованын маселеси ТИМдин көзөмөлүндө

Кыргыз Республикасынын жараны 1990-жылы туулган, рак оорусунун оор түрү менен ооруган Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Кордай районунда жашаган Алина Батурова жана анын жашы жете элек кызы Инжу Батуровага байланыштуу абал тууралуу массалык маалымат каражаттарында тараган маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

Министрлик Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте, азыркы учурда бул фактыга керектүү бардык жагдайларды тактоо үчүн Алина Батурованын жубайы менен ошондой эле апасынын туугандары менен, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД