Президенттин администрациясында жаңы бөлүм ачылды. Ал кырдаалды көзөмөлдөйт

Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борбору түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, жаңы бөлүм министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров Кырдаалдык борбор аркылуу өкмөт жетекчилери аймак башчылары менен түздөн-түз байланышып турарын айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД