Сүрөт - Жапаров катышкан мектептеги сабакта доскага туура эмес сөз жазылган

Садыр Жапаров жаңы ачылган мектептеги башталгыч класстын окуучуларынын сабагына катышкан. Социалдык тармактардын колдонуучулары андагы доскага тартылган топтун астына "мяч" деп жазуунун ордуна "мяк" деп жазылганын байкашкан. Бирок, жанындагы сүрөттүн астындагы сөз туура - "мак".

Анткен менен, мындай жол менен мугалим мектеп окуучуларынын орфографиялык билимин текшерет деген пикирлер да айтылды.

Эске салсак, 25-октябрда Садыр Жапаров Аламүдүн районунун Мыкан айылындагы мектептин ачылыш аземине катышкан. Ал президент катары биринчи жолу өлкөнү кыдырып, ушул мектептин 31-январында пайдубалына кыш коюп келген.

Мындан тышкары, президент мектепти толугу менен кыдырып, окуучулардын бир нече сабактарына катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД