"Санэпидемстанция Бишкектеги кафе-ресторандарды толук көзөмөлдөй албайт"

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Бишкектеги кафе-ресторандарды көзөмөлдөп турууга чамасы жетпейт. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшебек уулу жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Ал өзү тамак-ашка көзөмөл жок экенин билсе да, коомдук тамактануучу жайларга көп кирерин айтты.

"Бүгүнкү күндө санэпидемстанция канчалык аракет кылса да күчү жетпейт, Бишкек шаарында расмий катталган 800дөн ашык ашкана, кафе, ресторан болсо, өздөрү ачып алган канчалаган тез татым жайлары бар. Анын баарын иликтеп турганга булар физикалык жактан жетишпейт. Экинчиден, иштелип чыккан программасы да жок. Бүгүнкү күндө Санэпидемстанциянын тамак-аш коопсуздугу боюнча 2019-2023-жылкы программасы бар экен, бирок ал программасынын индикаторлорун карап чыксак, тилекке каршы, бири да ишке ашкан эмес", - дейт ал.

Жарандык активист кафеде тамак даярдоо чоң цикл экенин, тамак даярдоодон баштап, жей турган адамга жеткиче көп адамдын колунан өтөрүн, ал процесстин баары көзөмөлгө алынбасын белгиледи.

"Муну санэпидемстанциянын врачтары да мойнуна алышы керек. Иликтөө жүргүздү дегенде, эми ойлоп көрсөңүздөр, 22-октябрда башталып атса, бүгүн 26сы, 4 күн өттү. Маалымат 1-2 күндө, ыкчам берилиши керек эле. Эмне үчүн 2018-жылы мораторий киргизилип атканда, санэпидемстанция өзүнүн жеке позициясын көрсөткөн эмес? 2021-жылы узартып жатса да өзүнүн позициясын билдирген жок?" - деп собол салат активист.

Ал бүгүнкү күндөгү коомдук тамактануучу жайларды текшерүүгө коюлган мораторийди алуу жөнүндөгү чечим коррупциялык элементтерге алып келерин билдирди. Анткени текшерүү механизми коомчулукка да, бизнес чөйрөсүнө да белгилүү эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД