Бажы кызматынын төрагасы отставкага кетти

Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков отставкага кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Андан сырткары Исабековдун орун басарлары Кубаныч Шатемиров жана Кыялбек Мукашев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматынан кетишкен.

Белгилей кетсек, Самат Исабеков бажы кызматынын төрагасы болуп ушул жылдын июнь айында дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД