Гүлзат Мамытбектин камалышы боюнча апасы үн катты

Блогер Гүлзат Мамытбектин апасы Кенжегүл Сыдыкова Vesti.kg сайтына кызынын кармалышы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, "түшүнбөстүк" болуп, кызынын кылмышка баруу ниети болгон эмес.

"Бул иште ачык эле түшүнбөстүк бар. Биз бардык майда-чүйдөсүнө чейин такташыбыз керек. Кандайдыр бир иш-аракетти аткарып жатканда ката кетирбөө дээрлик мүмкүн эмес. Мүмкүн каталар бардыр, бирок Гүлзат атайылап кылмыштуу иштерди жасоону көздөгөн эмес", – деп ишенет Сыдыкова

Эске сала кетсек, блогер Гүлзат Мамытбек бир күн мурун Кыргызстанга учуп келип, алдамчылыкка шектелип кармалган.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жети адам кайрылып, алардан Гүлзат Мамытбек деген каймана ат менен белгилүү Гүлзат Алымкулова 110 миң доллар алып кеткени айтылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Алымкулова жарандар салган сумманы көбөйтүүгө убада берип, бирок бир аз убакыттан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД