Атазов: "Шайлоонун шайтан оюндары башталды"

Депутат Шайлообек Атазов Ошто административдик ресурс колдонулуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күндө шайлоонун шайтан оюндары башталды. Ош аймагынан койгон айрым талапкерлерге облустун башчыларынын орун басары, прокурорлор административдик ресурс колдонуп, президенттин саясатына каршы иштер кетип жатат. Президент дүйнө таң кала тургандай шайлоо өтсүн деп жатат. Бирок ага карабастан баягы бай-манаптар, 10 жылдан бери ушул жерде отуруп жыттанып кеткен талапкерлер дагы эски оорусун кармап, административдик ресурс колдонуп баштады", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД