Видео - Тишке брекет салуунун пайдасы жана зыяны

"Azuu Dent" стоматологиялык клиникасынын жетекчиси Самаган Ашыралиев Вечерний Бишкек маалыматтык агенттигине маек берди. Жаш жетекчинин айтымында, буга чейин Малазия, Сингапур жана башка мамлекеттерде иштеп, өз тажрыйбасы менен бөлүшүү максатында кыргызстандагы белгилүү стоматологиялык клиника ачкан.

"Бул стоматологиялык клиниканы ачуубуздун негизги максаты, сапаттуу жана ыңгайлуу баадагы кызмат көрсөтүү. Ар бир келген бейтапка өз алдынча көңүл буруп, алдын ала кагаз түрүндө келишим түзүп, жасалган тишке кепилдик беребиз",-дейт тиш доктур

Ашыралиевдин айтуусунда, жаштар арасында брекет тагуу өтө популярдуу, ошол эле учурда кооптуу. Анткени, туура эмес брекет тагуу менен тишиңиз түшүп же катуу жабыркап калышы мүмкүн. Ошондуктан, тиш маселесине кылдаттык менен мамиле кылуу керектигин айтты. Кененирээк төмөндө жайгашкан шилтеме аркылуу көрө аласыздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД