Депутаттар интернаттын тамагын көрүп, мас абалындагы күзөтчүгө жолуккан

Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү күтүүсүздөн Бишкектеги билим берүү мекемелерине барышты.

Алар мыйзам бузууларга туш болушкан. №1-мектеп-интернатында иш ордунда мас кейпинде уктап калган күзөтчүнү да жолуштурду.

Окутуучулар жок, окуу журналдары жана документтери да жок. №1-мектеп-интернатынын директору документтерге ал жоопту эместигин айткан.

Андан соң комиссия №71-мектеп-интернатында болду. Бул жерде тамактануунун шарттары одоно бузулгандыгы аныкталды: балдарга белгиленген 200 грамм тамактын ордуна 70 граммдан тушку тамак берилет экен.

Бул факты боюнча жеринде жумушчу жыйын уюштурулуп, ага мектеп-интернаттын жетекчиси жана кызматкерлери, ошондой эле мэриянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Лосникова чакырылган.

Бардык аныкталган фактылар боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД