Депутат: "Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетпесин"

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев Министрлер кабинентинин төрагасы Акылбек Жапаровдон 2022-жылы мугалимдердин айлыгын жогорулатуу маселеси боюнча сурады.

"Акылбек Үсөнбекович , өткөндө сиз мугалимдердин айлыгын көбөйтөбүз деп айтпадыңыз беле. Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетпесин. Быйыл мугалимдердин айлыгын көтөргөнгө мүмкүнчүлүк барбы?", - деп сурады депутат.

Акылбек Жапаров: "Мен Финляндиянын мисалын келтирдим. Анда жыл сайын сурамжылоо болуп турат экен. Финляндиядагы кыздар мугалимге анан архитекторго турмушка чыгабыз деп айтышат экен. Мен ошону мисал кылгам. 1-апрелде мугалим, дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз", -деди Жапаров.

Эске салсак, Акылбек Жапаров 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кийинки жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатабыз. Кимге турмушка чыгасың деп сураса, мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз" деп айткан эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД